Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Быйыл Ысык-Көлгө миллиондон ашуун турист келди


Бул тууралуу бүгүн Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Данияр Казаков маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, 1-сентябрга карата Ысык-Көлгө келген туристтердин саны 1 млн. 100 кишиге жетти. Алардын ичинен 400 миңден ашуун туристти жеке сектор тейлеген. Бийлик өкүлдөрү республика боюнча келген туристтердин саны жыл соңуна чейин 3,5 млн. жетет деп күтүп жатышат. Былтыр сырттан өлкөнү көрүп эс алууга келгендердин саны 3 миллионго чукулдап, казынага 195 миллион сомдон ашык каражат түшкөн. Данияр Казаков быйыл Ысык-Көл облусу жылдагыдан эки эсе көп салык топтогонун белгиледи.

Кыргызстан эки ай мурда дүйнөнүн 44 өлкөсүнө 2 айга виза режимин алып салган мыйзам кабыл алган. Быйыл Ысык-Көлдө жай мезгилинде эс алуучулар жылдагыдан көп болот деп күтүлүп жаткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG