Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Келерки жылы Кыргызстанда 22 тонна алтын казылышы мүмкүн


Бул тууралуу Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев бүгүн тоо кен тармагын өнүктүрүүнүн кыска жана узак мөөнөттүү концепциясын тааныштыруу учурунда билдирди. Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2012-жылы тоо-кен тармагынан 416 млн. сом гана салык түшкөнүн, бул абдан аз экенин белгиледи. Өкмөт бул тармакка көбүрөөк инвесторлорду тартып, жумуш орундарын түзүүгө аракет кылат. Оторбаев ушул багыттагы мыйзам долбоорлорду талкуулоого жарандык коомду активдүү катышууга чакырды. Ошондой эле кендер боюнча аукциондун үзгүлтүккө учурашын мыйзамсыз деп атады.

28-августта Коомдук телерадио корпорациясынын аукцион өтчү залына 40ка чукул коомдук активист кирип барып, инвесторлорду кубалап чыккан. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин билдиришинче, аукционго коюлган 12 кен үчүн Түркия, Орусия, Польша жана Кытайдын 48 компаниясынан арыз түшкөн. (КE)

XS
SM
MD
LG