Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

АКШ 11-сентябрдын 11 жылдыгын белгилөөдө


Дүйнөлүк Соода борбордун кош мунарасы кыйраган кез. 11-сентябрь, 2001-жыл.
Дүйнөлүк Соода борбордун кош мунарасы кыйраган кез. 11-сентябрь, 2001-жыл.
Нью-Йоркто бүгүн мурдагы Дүйнөлүк соода борбору турган жерде кош мунара кыйраганда каза тапкандардын туугандары алардын ысымдарын окушмакчы. Эскерүү жөрөлгөлөрү “ал-Каида” террорчулары карактаган калган эки учак кыйраган жерлерде да өтөт.

Пентагондогу иш-чарага президент Барак Обама, Пенсильвания штатынын Шенксвилл деген жериндеги эскерүү жөрөлгөсүнө вице-президент Жо Байден катышмакчы.

АКШ коргоо министри Леон Панетта 11-сентябрдын кезектеги жылдыгын утурлай сүйлөгөн сөзүндө өлкө террор коркунучуна сак бойдон кала берерин убада кылып, АКШга кол салгандарга кун төлөөгө туура келерин эскертти:

- Бүгүн биз 2001-жылдын 11-сентябрында каза тапкандар, алардын үй-бүлөлөрү, бүткүл америкалыктар алдында алган убадаларды кайра жаңылоо үчүн чогулдук. Биз ар убак мекенибизге карата коркунучтарга кыраакы бойдон калуудабыз. АКШга ким кол салбасын ал жөн калбайт.

2001- жылдагы террордук чабуулар үчүн жоопкер болгон “ал-Каида” түйүнүн лидерлеринин көбү, анын уюмдун анабашы Усама бин Ладен акыркы он бир жылда АКШ тарабынан жок кылынды. Террордук чабуулдар учурунда өзү 3000дей кишинин өмүрү кыйылган.

Мындан сырткары АКШнын кесиптик коопсуздук жана саламаттык боюнча улуттук институнун маалыматына караганда, Дүйнөлүк соода борбордун мунаралары кыйраганда уулуу чаң алып келген оорулардан акыркы он бир жылда 1000дей киши каза тапкан .(UE)

XS
SM
MD
LG