Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Соттор кылмышкерлерди күчтөп дарылоо жиберген учурлар иликтенди


Башкы прокуратура 2011-2012-жылдары медициналык мүнөздө чара көрүү боюнча соттун чечимдерин иликтеп чыкты. Аталган органдын маалымат кызматынан билдиришкендей, соттор айрым кылмышкерлерди негизсиз эле күчтөп дарылоого өкүм кылышат. Жарым жылда соттор 300гө жакын адамга медициналык чара көрүү өкүмүн чыгарган. Алардын 175и өзгөчө жана оор кылмыш жасагандар болсо, анын ичинен 36 адам дарыгердин каттоосунда турган.

Мындан сырткары текшерүүдө айрым медициналык мекемелер соттун тийиштүү чечими жок эле оор кылмыш жасады деп айыпталгандарды бошотуп жиберген фактылар аныкталган. Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигине мындай мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн катуу чараларды көрүүнү тапшырды. Буга байланыштуу текшерүүлөр уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG