Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Түркия Ирактын качкын вице-президентин мекенине өткөрүп бербейт


Тарик ал-Хашими.
Тарик ал-Хашими.
Бул тууралуу бүгүн Анкарадан түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган билдирди:

- Мен муну абдан так айтайын: Биз Хашими мырзаны ал канча убакытка кааласа, ошончо кабыл алууга даярбыз. Биз аны өткөрүп бербейбиз.

Мунун алдында ушул жекшемби күнү Ирактын соту Тарик ал-Хашимини оппоненттеринин көзүн тазалоону уюштурган деген айып менен өлүм жазасына кескен.

Исламдагы диний масхабы боюнча суннит ал-Хашими коюлган айыптарды четке кагып, соттолушунун саясий жүйөсү бардыгын, бул азыр шийиттер үстөмдүк кылган өкмөт мүчөлөрүнүн андан өч алуусу экендигин айтууда. Ал вице-президенттик кызматка 2005-жылы келген. Ирактан жыл башында, ага айып коюлуп жаткан кезде качып чыккан. Учурда Түркияда турат. (UE)

XS
SM
MD
LG