“Балдарды коргоо лигасынын” өкүлү Айзат Көкүлованын бүгүн маалымат жыйында билдиргени боюнча, былтыр 114төн ашуун бала өз өмүрүн кыйган. Анын негизги себептеринин бири мектептеги зордук-зомбулук жана рэкетчилик. Изилдөөлөргө караганда, рэкетчилик 5-6-класстарда башталып, өзгөчө 9-класстар арасында кеңири жайылган. Окуучулар рекетчиликти жоюу боюнча коомчулуктан, чоң кишилерден жардам сурашууда.
Укук коргоочулар балдар менен иштеген өзүнчө орган түзүүнү сунуштап жатат. (КЕ)
Укук коргоочулар балдар менен иштеген өзүнчө орган түзүүнү сунуштап жатат. (КЕ)