Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Чаткалда башаламандыкты болтурбоо үчүн түшүндүрүү иштери жүрүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов кабарлады. Бүгүн Чаткалдагы кен казып иштеген “Спектр” компаниясынын жетекчилери маалымат жыйын өткөрүп, эртең менен ишкана лагерине 100дөй жергиликтүү тургун кирип барып, андагы төрт ишкананын жол курууга керек болгон 40тай жабдуусун алып кетишкенин кабарлашкан. Бирок Малик Нурдинов жергиликтүү тургундар “Спектрдин” лагерине кол салды деген маалыматты четке какты. Анын белгилешинче, тургундар ишканадан бузулган 80 чакырым жолду оңдоп берүүнү гана талап кылышууда.

Кечээ күнкү жыйында токтом кабыл алынып, бүгүн жолду биргелешип оңдомой болушкан. Беш алтыдан Портер менен барган элге компания өз ыктыяры менен жол салууга керек болгон техникаларын берген. Учурда 30дан ашуун шагыл ташыган машина, 5-6 экскаватор жолдо тизилип, эртең ишти баштайбыз деп жатышат. Техникаларды тартып алды, кол салды деген туура эмес”, - деди Нурдинов. (КЕ)

XS
SM
MD
LG