Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:52

Путин стратегиялык компанияларды коргогон жардыкка кол койду


Орус президентинин жардыгы ириде "Газпромду" коргоону көздөйт.
Орус президентинин жардыгы ириде "Газпромду" коргоону көздөйт.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин бүгүнкү жардыгына ылайык, Орусиянын чет өлкөлөрдө иш жүргүзгөн стратегиялык компаниялары ошол мамлекеттердин тескөө мекемелерине маалымат берерден, келишимдерди өзгөртөрдөн же мүлкүн сатуудан мурда өкмөттөн уруксат алуусу талап кылынат.

Эгер суралган маалымат Орусиянын “экономикалык кызыкчылыгына зыян тийгизсе” өкмөт анын ачыкталышына уруксат бербөөгө милдеттүү.

Путиндин жардыгы Евробиримдик Орусиянын газ монополисти - "Газпромдун" Чыгыш жана Борбордук Европадагы баа саясаты боюнча өткөн аптада иликтөө башталгандан кийин чыгып жатат.

Евробиримдик "Газпром" эмне үчүн көгүлтүр оттун баасын мунай баасына байлаганын билүүгө кызыгып жатат.

Ал ошондой эле "Газпром" жаратылыш газынын Европага агымын чектөө менен атаандаштыкка, башка өлкөлөр энергия ресурстарын диверсификациялоосуна тоскоолдук кылган деп шек саноодо. (UE)

XS
SM
MD
LG