Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:03

АКШ 11-сентябрдагы террордук чабуулдун курмандыктарын эскерүүдө


Нью-Йорктогу эскерүү жөрөлгөсү. 11-сентябрь, 2012-жыл.
Нью-Йорктогу эскерүү жөрөлгөсү. 11-сентябрь, 2012-жыл.
Бүгүн Нью-Йоркто Дүйнөлүк соода борборунун ордунда, Вашингтондо Пентагондун аймагында, Пенсильвания штатынын Шэнксвилл деген жеринде жүздөгөн адам жыйналды. “Ал-Каида” террорчулары карактаган учактар 2001-жылдын 11-сентябрында мына ушул үч жерде кыйраган эле.

Курмандыктарды бир мүнөт унчукпай эскерүү жөрөлгөсү төрт учактын алгачкысы Дүйнөлүк соода борборунун түндүк мунарасын сүзгөн убакыт – 8:46да башталды.

Президент Барак Обама жана анын жубайы Вашингтондо, Ак үйдүн түштүк ыптасына жыйналгандар арасында болду. Обама андан кийин Пентагондо сүйлөгөн учурунда 11-сентябрды "бизди кайгы коркунучтуу толкун сыяктуу баскан күн" деп атады.

2001-жылдагы террордук чабуулар үчүн жоопкер болгон “ал-Каида” түйүнүнүн лидерлеринин көбү, анын ичинде уюмдун анабашы Усама бин Ладен АКШ тарабынан жок кылынган. Террордук чабуулдар учурунда 3000дей кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG