Иранда президент Махмуд Ахмединежадды кыртышы сүйбөгөн депутаттар өлкөнүн Борбордук банкын арзандап кеткен риалды колдоо үчүн жергиликтүү валюта базарына кийлигишүүгө чакырышты. Ушул аптада ирандык валюта рекорддук деңгээлге түшүп, дүйшөмбү күнү бир доллар 26 миң риалдан бааланды. Бул мындан бир жыл мурдагыдан эки эсеге, өткөн бейшембидегиден 17 пайызга төмөн. Риалдын курсу расмий аныкталат, бирок көпчүлүк аны арзан саткан көчө соодагерлеринен сатып алышат.