Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Египетте мурдагы өкмөт башчы соттолот


Соттун чечимине ылайык, 2011-жылдагы "Араб жазында" бийликтен четтетилген президент Хосни Мубарактын акыркы премьер-министри, ошондой эле президенттикке талапкер болгон Ахмед Шафик коррупциялык айыптар боюнча соттолот. Бийлик өкүлдөрү билдиргендей, Шафикке каршы айыптоолор ал 1990-жылдары үй менен камсыздоо биримдигинин төрагасы болуп турганда Мубарактын эки уулуна жер тилкесин арзан саткан деген шектенүүгө негизделген. Июндагы президенттик шайлоодо Мухаммад Морсиге анча-мынча добуштар менен утулуп калгандан кийин Шафик Бириккен Араб Эмираттарына кетип калган. Ал коррупциялык айыптоолорду саясий куугунтук деп четке кагып келет. Өткөн айда сот аны «кара тизмеге» киргизип, мекенине кайтып келсе, камакка алынарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG