Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 14 жумушчу имаратта өрт чыкканда набыт болду. Министрликтин кызматкерлери курмандыктардын бардыгы вьетнамдыктар деп болжолдонуп жаткандыгын билдиришти. Москвадан 100 чакырымдай түштүк-чыгыштагы Егоревск шаарындагы үч кабаттуу имаратта мигранттар кийим тигишчү. Август айында мында миграция кызматкерлери жана полиция балдардын кийимин тиккен жашыруун фабрикада 150 вьетнамдык иштеп жаткандыгын аныктаган.