Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Сабировдун соту болот


Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировдун үстүнөн сот башталат. 5-сентябрга белгиленген сот Сабировдун адвокаты келбей калып бүгүнкүгө калтырылган эле.

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри 5-июлда жетим балдарды асыроого берген чет өлкөлүк фирмадан пара алган деген айып менен кармалган. Кийин ал Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын кепилдиги менен үй камагына чыгарылган. Равшанбек Сабиров өзүнө тагылган айыпты атайын уюштурулган иш катары баалаган. Сабировдон соң ушундай эле айып менен анын орун басары Гүлнара Дербишова камалган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG