Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Ливияда АКШнын консулдугуна кол салынды


Өлкөнүн Бенгази шаарындагы АКШ консулдугуна куралчан топтун кол салуусунан АКШнын бир жараны набыт болду, дагы бири жараат алды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кабарлашынча, консулдуктун калган кызматкерлери коопсуз жайга чыгарылды.

Куралданган топ консулдук имаратка шейшембиде кол салган. Гранатаметтордон ок атылган имарат толугу менен күйүп кетти. Кол салуу алдында АКШдагы христиандар тарткан Мухаммад пайгамбар жөнүндөгү тасмага нааразылык билдирген демонстрация өткөн эле. Демонстранттар тасма исламды келекеледи деп нааразы болушууда.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Виктория Нуланд АКШдагы 11-сентябрдагы теракттын 11 жылдыгын эскерип жатканда мындай кол салуунун болушун сындады.

Мындан мурун Египетте 2000ден ашуун демострант АКШнын элчилигиндеги желекти өрттөшкөн болчу.

XS
SM
MD
LG