Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Пакистанда фабрикаларда чыккан өрттөн 34 адам набыт болду


Пакистанда шейшембиде эки фабрикада чыккан өрттөн бери дегенде 34 адам мерт кетип, ондогон адамдар жараат алышты.

Өлкөнүн чыгышындагы Лахор шаарында бут кийим фабрикасындагы өрт 20дан ашык адамдын өмүрүн алды. Фабрикадагы өрт өчүп калган жарыкты күйгүзмөкчү болуп, генератор кошуп жатканда чыккан. Анын учкундарынан жалын тутанып, фабрикадагы химиялык заттар жарылган.

Ушундай эле өрт өлкө түштүгүндөгү Карачидеги кийим фабрикасында чыкты. Анда аз дегенде 11 адам каза болуп, 40ка жакыны жараат алды. Мында көпчүлүгү өрттөн качып, терезеден секирген учурда жабыркашкан.

XS
SM
MD
LG