Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Атамбаев: Жердеш, аяшыңарды министрликке алып келбегиле


Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттүн ант берүүсүнөн кийин билдирди. Ал премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып, өздөрү жетектеген министрликке жердеш, аяш же классташтарды алып келген көрүнүштөргө жол берилбей, катуу көзөмөлдө болорун белгиледи. Ошондой эле кээ бир министрликтердеги жемкордук ачыкка чыгып жатканын эске салды.

Бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөттүн жаңы курамы Жогорку Кенеште ант берди. 15 министрлик, бир нече агенттик, комитеттерден турган жаңы өкмөттүн курамын депутаттар өткөн шаршембиде жактырган. Өкмөт Социал-демократтар, "Ар-намыс", "Ата Мекен" фракциялары кирген коалициянын сунушунун негизинде куралды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG