Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Кен казган “Спектр” ишканасы Чаткалдагы жолду оңдоого макул болду


Жалал-Абад облусуна карашуу Чаткал районунда кен казып жаткан “Спектр” компаниясы, анын ичиндеги төрт ишкана аймактагы 80 чакырым жолду оңдоого акча бөлүп берүүгө макул болду. Жол курууга 32 млн. сом кетери алдын ала эсептелген. Азыр жол куруучу эки фирма чакырылып, сүйлөшүү жүрүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чаткал райондук Ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Момуналы Добулбеков билдирди.

“Спектр” компаниясынын жетекчилиги жергиликтүү жүздөй тургун 11-сентябрда ишкана лагерине кирип барып, төрт ишканага таандык кырктай жабдууну алып кеткенин кабарлаган. Бирок Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов жергиликтүү тургундар “Спектрдин” лагерине кол салды деген маалыматты четке кагып, тургундар ишканадан бузулган 80 чакырым жолду оңдоп берүүнү гана талап кылышканын “Азаттыкка” билдирген. Маалыматка ылайык, “Спектр” ишканасы элдин талабын аткарууга макул болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG