Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Атамбаев: Сууга байланышкан согуш коркунучу жок


Президент Алмазбек Атамбаев оппозициядагы "Ата-Журт" партиясынын лидери,депутат Камчыбек Ташиевдин Жогорку Кеңеште берген суроосуна ушинтип жооп берди. Ташиев президентке Борбор Азияда суу боюнча согуш чыгышы мүмкүнбү, ага Кыргызстан даярбы деген сыяктуу суроолорду берип, аны Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун Астана сапарындагы билдирүүсүнө байланыштырды.
Каримов өткөн аптада “Борбор Азияда суу боюнча согуш чыгышы мүмкүн” деп билдирген болчу. Атамбаев мындай коркунуч жоктугун, бул сөз башка мамлекеттин дарегине багытталышы мүмкүн экенин белгиледи:

“Кошуналардын баары менен тил табышып жашаш керек. Убагында Камбар-Ата-1ди мурдагы президент Курманбек Бакиев жалаң Орусия менен салабыз деп кол коюптур. Ошого Өзбекстан менен Казакстандын нааразылыгы күчөп атат. Азыр Камбарата-1ди курууда Орусияга 50% үлүшүн бөлүшүү сунушталган”, - деди Атамбаев.

Мамлекет башчы бул маселе боюнча Каримов менен да сүйлөшкөнүн, айрым жагдайларды ачык айта албай турганын кошумчалады. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш аркылуу калкка кайрылуу жасады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG