“Асаба” жана “Кыргыз улуттук кыймылынын” 50 чакты өкүлү бүгүн Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдына митингге чыгышты. Алар аталган агенттиктин жетекчиси Учкунбек Ташбаев кызматтан кетсин жана кендерди сатуу боюнча аукцион өткөрүлбөсүн деген негизги эки талап коюшту. Мындан сырткары аукционду үзгүлтүккө учураткандар суракка чакырылбасын деген талабы да айтылды.
28-августта Коомдук телерадио корпорациясынын аукцион өтчү залына 40ка чукул коомдук активист кирип барып, инвесторлорду кубалап чыккан. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери акциянын төрт катышуучусун кармап, сурак бергенде кийин бошоткон. Алардын экөө “бейбаштык” беренеси боюнча айыпталууда. (КЕ)