Ош мамлекеттик юридикалык институтунда жарандарга акысыз укуктук кызмат көрсөтүүчү юридикалык клиника иштей баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» окуу жайдын басма сөз катчысы Сабыр Буркашев билдирди. Анын айтымында, клиника Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жашоочуларына акысыз юридикалык кызмат көрсөтөт. Керек учурда адистер атуулдардын соттук иштерине да катышып, алардын укугун акысыз коргоп берет.
Юридикалык клиниканы "Адам укугу жана демократия" борбору каржылап жатат. (SE)
Юридикалык клиниканы "Адам укугу жана демократия" борбору каржылап жатат. (SE)