Маалыматтарга караганда, антитеррордук операция Атырау облусундагы Кулсары шаарында өтүп жатат. Шаар үстүнөн тик учак учуп жүргөнү, атышуулардын жана жарылуулардын үнү угулганы кабарланды.
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, эки согушкер жок кылынды, көп кабаттуу үйдө батирге бекинип алган дагы бир согушкер жараат алды.
Окуя күбөлөрүнүн “Азаттык” үналгысынын Казак кызматына билдиришкенине караганда, террорчулар жашырынып жатат делген көп кабаттуу үй бүгүн эртең менен полиция тарабынан курчалып, жашоочулар эвакуацияланган.
Диний экстремисттерди жана террорчу деп шектелгендерди бутага алган антитеррордук операциялар Казакстандын батышында буга чейин да өткөрүлгөн. (UE)