Вашингтондун чакырыгы Чыгыш Кытай деңизиндеги аралдарды талашуудан улам коңшу эки өлкөнүн мамилесиндеги чыңалуу күчөп кеткен учурда айтылды.
АКШнын мамлекеттик катчысынын Чыгыш Азия боюнча орун басары Курт Кэмпбелл белгилегендей, глобалдык экономиканын очогу болгон аймакта эң биринчи кезекте тынчтык жана стабилдүүлүк сакталганы маанилүү.
Жапон өкмөтү алар Сенкаку деп атаган үч аралды ага ээлик кылган жапондон сатып алуу боюнча келишимге жетишкенин жарыялаган соң Кытай алар Дяоюйтай деп атаган аралдарга сакчы кемелеринен экини жөнөткөнүн билдирген.
Өз кезегинде Кытайдын Коргоо министрлиги өкмөт жана аскер күчтөрү өлкө аймагынын суверенитетин коргой турганын жана бул боюнча “чечкиндүүлүгү майтарылгыстыгын” эскерткен.
Кытай менен Жапония талашкан аралдар кеме каттоочу ири жолдорго жакын жайгашкан. Аларда газдын ири кору болушу мүмкүн деген да божомолдор бар. (UE)