Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Чек арада окко учкан кыргыз жараны боюнча Өзбекстанга нота жолдонду


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-өзбек чек арасында окко учкан Токоман Акматалиевге байланыштуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” ТИМдин маалымат жана маданият бөлүмүнүн жетекчиси Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Мурда кабарлангандай, 6-сентябрда Токоман Акматалиев Ош облусунун Араван районундагы кыргыз-өзбек чек арасында окко учкан. Өзбек чек арачылары эскертүүлөргө карабай жолун уланта берген кыргызстандыкка каршы курал колдонушканын ырасташууда.

ТИМдин нотасында өзбекстандык чак арачылар Кыргызстандын атуулуна "адекваттуу эмес чара көргөндүгү", аны атууга негиз да, шарт да жок болгону белгиленген.

Анткени Кыргызстандын жаранында курал жок болуп, чек арачыларга реалдуу коркунуч жараткан эмес. Чек арачылардын аракетин эки өлкөнүн достук, бир туугандык мамилеге шайкеш келбейт деп сүрөттөдүк”, - дейт Кадырбеков. (КЕ)

XS
SM
MD
LG