Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Жалал-Абадда күчү 6 баллга жеткен жер силкинди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Жер титирөө бүгүн түшкү саат 12ге жакын катталды. Анын очогу Сары-Челекте болуп, күчү 5-6 баллга жетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, Жалал-Абаддын Кызыл-Туу айылындагы эки мектептин айнектери сынып, дубалдарынан жаракка кеткен. Атайын түзүлгөн райондук комиссия иликтөө, тактоо иштерин жүргүзүүдө. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG