Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:17

Парламент Жогорку Сот судьялыгына талапкерлерге добуш берүүдө


Учурда Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун судьялыгына тандалган 25 талапкерге добуш берүүнү баштады. Сотторго добуш берүү бюллеттен салуу аркылуу жашыруун өтүүдө. Буга чейин депутаттар тандалып алынган судьяларга суроолорду берип, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Судьялар кандай тандалып алынганын жана талапкерлер тууралуу Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев маалымат берди.

10-августта Сотторду тандоо кеңеши 66 талапкердин ичинен Жогорку Соттун судьялыгына 32 талапкерди иргеп, президенттин кароосуна сунуштаган. Президент сунушталган талапкерлер ичинен 25ти тандап, парламентке жөнөткөн.

Жогорку Кеңеш эки апталык мөөнөт ичинде Жогорку Сот судьяларын бекитиши керек. Жогорку Соттун курамы 35 судьядан турат. Эгер парламентке сунушталган 25 талапкердин баары бекисе, Жогорку Соттун азыркы судьялары автоматтык түрдө кызматтан кетишет. Бош калган 10 орунга кайрадан сынак жарыяланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG