Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Ош менен Баткен облустарынын казылары орун алмашты


Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгы Ош менен Баткен облустарынын казыларын ротация кылды. Ага ылайык, Баткен облусунун казыcы Султаналы ажы Гапуров Ошко, Ош облусунун казысы Ниязалы ажы Арипов Баткенге казы болуп кетти. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Эсен Өмүракунов билдирди. Мындай орун алмаштыруулар башка аймактын иш тажрыйбасы менен таанышуу, иштеги натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн жасалат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG