Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:30

АКШ президенти Ливиядагы элчи Бенгазидеги кол салуудан каза тапканын ырастады


Президент Барак Обама АКШнын Бенгазидеги консулдугуна кол салынганда элчи Кристофер Стивенс жана дагы үч америкалык каза тапканын ырастады. Куралчан адамдар кечээ кечке жуук Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарында АКШ консулдугуна жасалма бомба жана гранаталар менен чабуул жасашып, имаратты өрттөп жиберишкенге чейин талап-тоношкон.

Бенгазидеги кыянатчылыктар кыжырланган ливиялыктардын “Күнөөсүз мусулмандар” деген ат менен АКШда жеке адамдар тарабынан чыгарылган фильмге жообу болду.

Бенгазиге чейин кечээ коңшу Египеттин борбору Каирде жүздөгөн адам АКШ элчилигине жүрүш жасап, фильм Мухаммед пайгамбарды кордоп жатканына нааразылык билдиришкен.

Буга чейин үзүндүлөрү You Tube сайтына коюлган фильмди “Уолл Стрит Жорнэл” басылмасынын жазганына караганда, Калифориниядан Сэм Бэсил ысымдуу америкалык чыгарган. (UE)

XS
SM
MD
LG