Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Кыргыз режиссерунун тасмасы “Мусулман киносунда” мыкты деп табылды


Кыргызстандык жаш кинорежиссер Асел Жураеванын “Өмүр бешиги” аттуу кыска метраждуу тасмасы Татарстандын борбору Казанда “Мусулман киносу” деп аталган эл аралык фестивалда мыкты деп табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” белгилүү киносынчы Гүлбара Төлөмүшева Казандан кабарлады.

Ушул эле тасма өткөн жылы Екатеринбург шаарында өткөн “Орусия” кинофестивалында “Мыкты дебют” деп табылган.

Фестивалда Азербайжан, Босния, Кыргызстан, Казакстан, Австралия, АКШ, Германия жана башка өлкөлөрдүн режиссерлорунун 39 эмгеги сынакка түшкөн. Конкурстан тышкары 15 фильм көрсөтүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG