Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:59

Дербишеванын ортомчусу делген адам кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы кызматтын ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жогорку Соттун бөлүм башчысы У.Суеркулов кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Суеркуловдун Дербишева менен бала асырап алуу боюнча чет элдик компаниянын ортосунда ортомчулук кылып, 30 миң доллар алгандыгы аныкталган.

Аталган кызмат 31-августта Гүлнара Дербишеваны 7 миң доллар пара менен кармаган. Дербишева Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп турган учурда чет өлкөгө бала асыроо боюнча сынакка катышкан чет элдик уюмдан 30 миң доллар пара алгандыгы белгиленген.

Башкы прокуратура “пара талап кылуу”, “пара алуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда Дербишева УКМКнын убактылуу абагында кармалууда. Тергөө-иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган Суеркулов да УКМКнын убактылуу абагында кармалууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG