Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:34

Жогорку Сот судьялыгына талапкерлерге добуш берүү эртеңкиге калды


Бүгүн Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун судьялыгына тандалган 25 талапкерге добуш берүүнү жараксыз деп тапты. Парламент жыйынында белгилүү болгондой, добуш берүүдө айрым мыйзам бузуулар коштолгон жана көпчүлүк депутаттар ишеним кат аркылуу добуш беришкен. Добуш берүү бюллеттен салуу аркылуу жашыруун өткөн болчу. Депутаттар эртең компьютерден добуш берүүнү сунушташты.

Буга чейин депутаттар тандалып алынган судьяларга суроолорду берип, алардын ишмердүүлүгү менен таанышкан. 10-августта Сотторду тандоо кеңеши 66 талапкердин ичинен Жогорку Соттун судьялыгына 32 талапкерди иргеп, президенттин кароосуна сунуштаган. Президент сунушталган талапкерлер ичинен 25ти тандап, парламентке жөнөткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG