Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Медведев: Pussy Riot мүчөлөрүн шарттуу кессе жетишмек


Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Pussy Riot тобунун мүчөлөрүн эркинен шарттуу ажыраткан эле жетиштүү болмок деди. Маскөө чиркөөсүндө Иисус Христостун энеси Мариядан «Путинди жогот» деп сураган ыры үчүн Pussy Riot деп аталган панк тобунун үч мүчөсү өткөн айда «диний жек көрүүчүлүк менен бейбаштык кылган» деген кине менен эки жылга кесилген эле. Медведев бул тууралуу бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясынын жыйынында сүйлөдү. Pussy Riot-тун үч мүчөсү буга чейин беш ай камакта отурду. Үч ырчы кыздын камалышы бүт дүйнөдө нааразылык жаратты.

XS
SM
MD
LG