Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Казандагы кароодо башкы сыйлыкты ирандык тасма алды


Реза Миркариминин «Бир кертим кант» тасмасы Татарстандын баш калаасында сегизинчи жолу өткөн эл аралык мусулман кино фестивалында башкы сыйлыкты жеңип алды. «Бир кертим кант» төрт эже-сиңди эң кичүүсүн күйөөгө бергени чогулганда орун алган күтүүсүз окуяларды байандайт. Тасма ошондой эле эң мыкты актриса жана эң мыкты режиссер деген сыйлыктарга татыды. Уюштуруучулар мусулман фильм фестивалы мусулман киносуна багытталганы менен, жалпы адамзатына тийешелүү темаларды көтөргөн бардык режиссерлорго эшиги ачык экендигин айтып келишет. Кыргызстандан Асел Жураеванын “Өмүр бешиги” аттуу кыска метраждуу тасмасы “Мусулман киносунда” мыкты деп табылганын “Азаттыкка” киносынчы Гүлбара Төлөмүшева Казандан кабарлаган эле.29 өлкөдөн 48 тасма 5-сентябрдан бери көрсөтүлгөн фестивал шейшембиде аяктады.

XS
SM
MD
LG