Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:41

Сомалиде жаңы шайланган президент кол салуудан аман калды


Сомалинин жаңы президенти Хасан Шейх Махмуд шайлангандан эки күндөн кийинки кол салуудан аман кутулду. Баш калаа Могадишудагы мейманканада ал Кениянын тышкы иштер министри экөө кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатканда эки бомба жарылды. Сомалинин ал-Каида менен алакасы бар ал-Шабааб уюшмасы бир нече кишинин өмүрү кыйылган кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Махмуддун Сомали парламентинде дүйшөмбү күнү шайланышын байкоочулар 1991-жылдан берки согуштардан алсыраган чыгыш африкалык өлкөдө борбордук бийликти бекемдеп, кырдаалды турукташтыруу багытындагы маанилүү кадам катары бааланууда.

XS
SM
MD
LG