Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Обама Ливиядагы окуяны сынга алды


Ак үйдөн сыналгыдан көрсөтүлгөн билдирүүсүндө АКШнын президенти Барак Обама Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарында америкалык элчи Крис Стивенсти жана анын үч кесиптешин өлтүргөндөр сот алдында жооп берет деп сөз берди:

- Бул акылга сыйбаган карамүртөз киши өлтүрүүнү Кошмо Штаттары катуу айыптайт. Биз Ливиянын өкмөтү менен калган америкалык дипломаттардын коопсуздугун камсыздоонун үстүнөн иштеп жатабыз. Мен ошондой эле өз администрацияма башка өлкөлөрдөгү америкалык бардык дипломатиялык кеңселердин коопсуздугун бекемдөөнү буйрудум.

Обама ошол эле убакта бул окуя АКШнын Триполи менен алакасын үзгүлтүккө учуратпайт деп убада кылды.

XS
SM
MD
LG