Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Дүйнөдө балдар өлүмү азайды


Бириккен улуттар уюмунун жаңы баяндамасында акыркы жыйырма жылдын ичинде беш жашка чейин балдардын өлүмү 40 пайызга чейин кыскарганы айтылат. 1990-жылы 12 миллион бала өлүмгө учураса, 2011-жылы алардын саны 6,9 миллионду түзгөн. Балдар өлүмүнүн кыскарышы жарды мамлекеттердин абалынын жана балага болгон камкордуктун жакшырышы менен түшүндүрүлүүдө. Жер шарында балдар өлүмүнүн басымдуу бөлүгү Африка жана Түштүк Азияга туура келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG