Бул тууралуу “Азаттыкка” Аксы районунун акими Медет Айдаралиев билдирди. Айдаралиевдин айтымында, күчү 5,5 балгга жеткен жер титирөөдөн соң атайын комиссия райондогу бардык айылдардан кабар алышты. Алдын-ала маалымат боюнча, зилзала кесепетинен жабыр тарткандар жана жарактан чыккан турак-жай катталган жок.
Жер титирөө кечээ түшкү саат 11 лер чамасында болгон. Анын очогу Аксы районунун Аркыт айылында болуп, күчү 5-6 баллга жеткен. (BkA)
Жер титирөө кечээ түшкү саат 11 лер чамасында болгон. Анын очогу Аксы районунун Аркыт айылында болуп, күчү 5-6 баллга жеткен. (BkA)