Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:34

Базар-Коргондогу мушташтан бир окуучу ажал тапты


Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылындагы Ташиев атындагы орто мектептин окуучуларынын ортосунда 12-сентябрда массалык мушташ чыккан. Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдиновдун бүгүн “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 11-класстын окуучулары 10-класстын окуучуларына үстөмдүк кылып, какыс-кукус кылган. Мушташта Кененбай Кубанычбек уулунун ичинен кан өтүп, ооруканада каза тапты. Бул окуяга байланыштуу төрт бала камакка алынды. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG