Казакстандын Чымкент шаарындагы “Бекжан” базарында чыккан өрттүн себептерин иликтөө сунушун бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Ташиев көтөрүп чыкты. Ал Казакстанда соода кылган кыргызстандыктар насыясын төлөй албай калгандыгын, комиссия Чымкенттеги жергиликтүү бийлик менен жолугуп келиши керектигин белгиледи.
3-августта Казакстандын Чымкент шаарындагы “Бекжан” базарында өрт чыгып, анда кыргызстандык бир жаран каза тапкан эле. Өрттөн жабыркаган соодагерлердин көпчүлүгү кыргызстандыктар экени айтылган. Аталган базарда 7 миңдей кыргызстандык соода кылары белгиленген.
Апта башында Кыргызстандын Акыйкатчы институту Чымкентте өрттөнгөн базарда соода кылган кыргыздарга базардын жетекчилиги тарабынан кысым жасалып жатканын айтып чыккан. (КЕ)