Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:39

Араванда каттоодон өтпөгөн медреселер көбөйдү


Бул тууралуу Ош облусунун Араван районуна караштуу Чек-Абат айылынын тургундары Бириккен улуттар уюумунун баш катчысынын Борбор Азиядагы өкүлү Мирослав Енча жана мамлекет өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдиришти. Аталган аймакта жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы Бакыт Асановдун айтымында, тургундар балдарын мектепке эмес, медреселерге жиберген учурлар көбөйгөнүнө камтама болуп жатышат.

БУУнун "Аялдар түйүнү" программасынын координатору Жумагүл Бойтонованын белгилешинче, аймактагы медреселерди, андагы окуу ыкмаларын, ким окутуп жатканын эч ким көзөмөлгө албайт. Көбүнесе Өзбекстандан келген молдолор окутат. Тургундар бул маселени көзөмөлгө алууну бийлик өкүлдөрүнөн суранууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG