Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:55

Аба ырайы


Синоптиктердин билдиргени боюнча, 14-сентябрда Кыргызстандын кээ бир районунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +21...+26;
Талас облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +20...+25;
Баткенде түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29 градус;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11...+16, күндүз +25...+30;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +6...+11, күндүз +19...+24;
Нарында түнкүсүн +2...7, күндүз +16...+21;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз +17...+22;
Тоолордо түнкүсүн -1...+6, ал эми күндүз +4...+9 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен өткүн өтөт, күндүз жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метерге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12...+14, күндүз +24...+26 градус болот.

Бүгүн (13-сентябрда) эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 20 градус жылуу болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG