Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Мухаммед пайгамбар тууралуу тасмага нааразылык жайылууда


АКШнын Каирдеги элчилигинин сыртында болгон демонстрация. 11-сентябрь, 2012
АКШнын Каирдеги элчилигинин сыртында болгон демонстрация. 11-сентябрь, 2012
Жаалданган демонстранттар бүгүн Йемендин борбору Санада АКШ элчилигине чабуул жасашты. Полиция эскертүү иретинде ок атып, суу бүркүп сүрүп чыгарганга чейин алар элчиликтин короосунун башкы дарбазасын бузуп, айнектерди, машинелерди талкалашты.

Египет борбору Каирде да полиция бүгүн АКШ элчилигинин алдына үчүнчү күн катар жыйналган демонстранттар менен кагылышты.

Кагылышуулар АКШнын Тунистеги, Судандагы элчиликтеринин сыртында болду.

Демонстранттар АКШда жеке продюссер тарабынан “Күнөөсүз мусулмандар" деген ат менен чыгарылган, бюджети анча чоң эмес тасма Мухаммед пайгамбарды шылдыңдайт деп нааразы болушууда.

11-сентябрдын кечинде Ливиянын Бенгази шаарында АКШ консулдугу алдындагы демонстрация учурунда куралчан адамдардын тобу консулдук имаратка чабуул жасап, өрт койгондо элчи Кристофер Стивенс менен кошо төрт америкалык набыт болгон.

АКШ бийликтери азыр бул кол салууга “ал-Каида” менен байланышкан согушкерлердин тиешеси бар-жогун иликтөөдө. (UE)

XS
SM
MD
LG