Атом Энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин мүчөлөрү бүгүн Иранды уюмдун инспекторлору менен кызматташпаганы үчүн зекиген резолюцияга добуш берген жатышат.
Резолюция долбоору Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия, АКШ тарабынан даярдалган.
Анда Иран уран байытууну улантып жатканына олуттуу тынчсыздануу жана эл аралык инспекторлорду Парчин аскерий комплексине киргизүү чакырыгы айтылат.
МАГАТЭ Тегерандан алыс эмес жайгашкан Парчин комлексинде он жылдай мурда өзөктүк курал жасоо менен байланышкан сынак өткөрүлгөн деп шек санагандыктан, инспекторлордун ага киргизилүүсүн утур-утур талап кылып келүүдө.
Ал өткөн айда жарыялаган баяндамада Иран уран байытуу кубатын мурдагыдан эки эсе арттырганы, 20% байытылган урандын корун 30 пайыздай көбөйткөнү белгиленген. (UE)