Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Шайлоочулардын тизмесин тактоо кампаниясы башталды


“Таза шайлоо” ассоциациясы шайлоочулардын тизмесин тактоо максатында “Өзүңүздү шайлоочулардын тизмесинен тактаңыз” деген аталыштагы өнөктүгүн башталды. Учурда Ош облусунун Кара-Суу району жана Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын шайлоочуларынын тизмеси такталууда. “Таза шайлоо” ассоциациясынын жетекчиси Айнура Усупбаеванын “Азаттыкка” айтымында, жергиликтүү шайлоо комиссиялары берген тизме аркылуу үймө-үй кыдырып, шайлоочулардын пин-коду текшерилип жатат.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо ушул жылы, болжолдуу ноябрь айында өтөт. Тизмеге киргизилген адам гана добуш бере алат. Тизме маселеси ар кайсы шайлоодо көтөрүлүп, нааразылыктар жаралып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG