Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Бишкекте мыйзамсыз курулган үйлөрдү түрттүрүп жатышат


Бишкек шаарындагы Щербаков жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде курулган үйлөр бүгүн түрттүрүлүп жатат. Өзүн Гүлсара деп тааныштырган тургун 2007-жылдан бери салып келаткан үйү түрттүрүлүп жатканын, ал жерде жашагандар бала-чакасы менен сыртта ыйлап турганын “Азаттыкка” кабарлады.

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов “Азаттыктын” "Интернет эрөөлүндө" бул көчөлөрдө жер мыйзамсыз басылып алынганын, курулуш иштери да мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн билдирди. Бул жерде 50дөн ашуун курулуш түрттүрүлүп жатат. “Мыйзамсыз үй куруулар да жер басып алганга барабар. Мыйзам боюнча алар жети жылга чейин жоопко тартылат. Ал эми жер басып алууну уюштургандар 10 жылга чейин камалат”, - деди Өмүркулов. (КЕ)

XS
SM
MD
LG