Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

КТРКнын Байкоочу кеңешине жаңы төрага шайланды

Бүгүн көпчүлүк добуш менен Фархат Бекмамбетов Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Ага Байкоочу кеңештин 10 мүчөсү добуш берди. Төрагалыкка эки талапкер - Фархат Бекмамбетов жана Илимбек Карыпбеков көрсөтүлгөн.

Мурдагы төрага Кылычбек Султанов социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалгандыктан Байкоочу кеңеш жаңыдан шайлоо өткөрүүдө.

КТРКнын жаңы Байкоочу кеңеши 18-апрелде парламент тарабынан куралган. Анын курамында президенттин, парламенттин жана жарандык коомдун бештен өкүлү бар. (KЕ)
XS
SM
MD
LG