Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Алматыда кырсыктан каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгү мекенине жөнөтүлдү


Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 11-сентябрда Алматы шаарындагы жол кырсыгына кабылган айдоочу жана жүргүнчү ооруканада. Алардын абалын дарыгерлер оор, бирок стабилдүү деп баалап жатышат. Ал эми каза болгон төрт кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча бардык документтер даярдалды. Алматы шаарында иштеген мигранттар жардам катары 844 миң теңге топтоп, каза болгондордун туугандарына тапшырды.

11-сентябрда Алматы шаарына кире бериштеги Ал-Фараби көчөсүндөгү айланма жолдо “Мерседес” менен “Хонда” үлгүсүндөгү машинелер кагышкан. “Хондадагы” жети кыргызстандык жүргүнчүнүн үчөө ошол замат жан берген. Алардын бирөөнүн тогуз айлык боюнда бар. Дагы бирөө ооруканада көз жумган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG