Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Жогорку Соттун жаңы шайланган судьялары ант берди


Бүгүн Жогорку Кеңеште жаңы шайланган Жогорку Соттун 25 судьясы ант беришти. Ушул эле күнү Жогорку Соттун иштеп жаткан судьялары жаңы кабыл алынган токтомдун негизинде кызматынан бошотулду. Бир аз мурдарак талапкерлерди парламент колдоп, алды 83, арты 51 добушка ээ болушкан. Депутаттар жаңы дайындалган судьялардын иштерине ийгилик каалап, акыйкат, калыс чечим чыгарууну өтүнүштү. Депутат Турсунбай Бакир уулу "чечим чыгарарда Кудайды эстегиле" деп бата берди.

10-августта Сотторду тандоо кеңеши 66 талапкердин ичинен Жогорку Соттун судьялыгына 32 талапкерди иргеп, президенттин кароосуна сунуштаган. Президент сунушталган талапкерлер ичинен 25ти тандап, парламентке жөнөткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG