Хамид Карзай Норвегияга ушул күндөргө белгиленген расмий сапарын исламга акарат келтирет деп саналган тасмадан улам Ооганстанда да кыянатчылыктар орун алып кетеби деген тынчсыздануулардан улам токтотту. Карзайдын басма сөз катчысы Аймал Файзинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, сапар эми башка мезгилге которулат.
Ооган президенти соңку окуялардан улам мекенинде турууну көздөгөнүн Норвегия Тышкы иштер министрлиги да ырастады.
АКШда жеке продюсер тарабынан “Күнөөсүз мусулмандар” деген ат менен чыккан тасма Жакынкы Чыгыштын бир нече өлкөсүндө нааразылык толкунун жаратты. Ливиянын Бенгази шаарында АКШ элчилигине кол салынганда, америкалык элчи каза тапты.
Президент Хамид Карзай өзү тасманы айыптаган. "Талибан" кыймылы согушкерлерин тасма үчүн Ооганстандагы чет элдик аскерлерге кол салууну күчөтүү аркылуу өч алууга чакырды. (UE)