АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон Мухаммад пайгамбарды шакаба чеккен тасмага АКШ өкмөтүнүн эч кандай тиешеси жок экендигин билдирди. Бул тасма Жакынкы Чыгышта анти-америкалык акцияларга түрткү болду. Мамкатчы интернетке чыккан тасманы «адамдын кыжырына тийген, көңүлдү айланткан тасма» деп мүнөздөдү.
Ал режиссёрлор болгону «улуу динди басынтып, жек көрүүчүлүктү козутуу максатын» көздөгөнүн белгиледи.
Клинтон сүйлөгөн бейшемби күнү Йеменде, Египетте, Лицияда, Суданда, Тунисте жана Иранда нааразылык акциялары өттү.
11-сентябрда түн ичинде Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарындагы америкалык консулдукта АКШнын элчиси Кристофер Стивенс өлтүрүлгөн эле. АКШнын президенти Барак Обама бардык өлкөлөрдөгү америкалык элчиликтерде коопсуздук чараларын күчөтүүнү буйруду.