Парламенттеги “Ата Журт” жана “Республика” фракцияларынан турган “Мыйзамдуулук жана адилеттик” деп аталган оппозициялык коалиция бүгүн жыйын өткөрөт. “Ата Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, жыйында оппозициялык келишимге кол коюлушу мүмкүн.
“Оппозициялык коалициялык көпчүлүктүн төрагасы Мыктыбек Абдылдаев чогулушту саат 12:30га деп жарыялаган. Анда “Республика” менен “Ата Журттун” бирдиктүү жыйыны болот. Оппозициялык күч болуп, мыйзам бузууларга, адилетсиздикке каршы туралы деген ортодо келишим бар. Анан дагы кандай маселелер караларын билбейм. Негизи ошол келишимге расмий түрдө кол коюлат”, - деди Жапаров.
Жогорку Кеңеште оппозициялык биримдик түзүлгөнү 3-сентябрда жарыяланган болчу. (KKs)